Калинин атындагы көчө Орозахун Сайдазимовдун ысымы менен аталды

Чүй облусунун Панфилов районундагы Фрунзенское айыл өкмөтүнүн Чалдовар айылында маанилүү окуя болду: жергиликтүү депутаттар жана айыл тургундары Калинин атындагы көчөнү ошол айылдын тургуну, Россияда жана АКШда ишкерлик кылып жүргөн Орозахун Сайдазимовдун ысымы менен атоо чечимин кабыл алышты. Ал чет өлкөлөрдө көбүнчө Азим Рой деген ысым менен белгилүү.

Бул демилге түз эле айыл тургундарынан чыккан. Алар ыраазычылык каттарында меценаттын көп жылдык кайрымдуулугун жана үзгүлтүксүз колдоосун айрыкча белгилешкен. Орозахун Сайдазимов өзүнүн жеке каражатына аталган көчөнү асфальттап, суу түтүгүн жана жарыктандыруу системасын орноткон, ага кошумча көчө тургундарына бир нече ирет материалдык жардам көрсөткөн.

Айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Карымшаковдун айтымында, Орозахун Сайдазимов келечекте Чалдоварды мындан ары да көрктөндүрүп, жаңы социалдык жана маданий маанидеги объекттерди курууну – анын ичинде балдар аянтчасын жана мектептин спорттук талаасын курууну – пландап жатат. Жергиликтүү калк көчөнү жаңы ат менен атоо – туулган жерин оор кезеңдерде да унутпай, дайыма колдоо көрсөтүп келген инсанга ыраазычылыктын бирден-бир белгиси экенин билдиришти.

Scroll to Top