Кыргызстандын жараны, Crosspoint жана Capital Group компаниялар тобунун жетекчиси Орозахун Сайдазимов (Азим Рой) отуз жылга жакын убакыттан бери кайрымдуулук иштери менен алектенип келет. Анын жардамы өзгөчө анын туулган жери – Панфилов районундагы Чалдовар айылында ачык сезилет.
Пандемия курчуп турган мезгилде, көп айыл тургундары жумушсуз калышкан кезде, меценат азык-түлүктөрдөн турган гуманитардык жардам жеткирүү маселесин колго алып, андан тышкары тез жардам унаасын сатып алууга каражат бөлүп берди. Тактап айтканда, унаага жетпей жаткан 4 миң долларды ишкер угары менен төлөп, Чалдоварга жеке менчик тез жардам машинесин алууга көмөк көрсөттү.
Ошондой эле Орозахун Сайдазимов социалдык жактан аяр үй-бүлөлөрдү колдоосун улантууда. Анын жардамы менен 150 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 5 миң сомдон берилип, дагы 250 кишиге шекер, май жана ун таратылды. Жергиликтүү тургундар мындай көлөмдүү колдоо оор учурда чыныгы куткаруу болуп, кыйын мезгилди жеңип чыгууга өбөлгө түзгөнүн баса белгилешет.